Укканыбызга караганда бир жолу камыш менен таш катуу талашып кетишиптир.  Алардын ар бири адам жашоосу дал өздөрүнүкүндөй болушун каалашкан экен.

Таш мындай дептир:

– Адам өмүрү дал мына меникиндей болушу керек. Ошондо гана ал түбөлүк жашайт.

Камыш каршы чыгат:

– Жок, жок, адамдын жашоосу дал мына меникиндей болушу керек. Мен өлөм, бирок кайра эле өсүп чыгам.

Таш:

– Жок, андай болбошу керек! Андан көрө адам мендей болсун. Мен ыркыраган шамалды дагы, шатыраган жамгырды да тоготпойм. Ысыкка, суукка, отко моюбайм. Менин жашоом чексиз. Мага оору эмне, кыйналуу эмне, түйшүк эмне – дале белгисиз. Мына адамдын жашоосу дагы ушундай болушу абзел.

Камыш:

– Жок. Адам өмүрү дал меникиндей болушу керек дейм, эй. Менин өлөрүм чын, бирок өмүрүм балдарымда уланат. Же андай эмеспи? Менин айланамды карасаң жапжашыл болгон балдарым мага баш ийип, курчап турушат. Жакында алардын да жапжашыл жана ийилчээк балдары болот.

Буга таш жөндүү жооп таба албай, эч нерсе деп каяша айта албастан, түнөргөн бойдон кетип калыптыр.

Талашта жеңген камыш шаңдуу шуудурап, мына ошондуктан адам жашоосу да камыштыкына окшоп калыптыр…

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы45
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор24
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок16
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *