Датасы: 03.06.2025
Формат: mp3

Жалган дүйнө тартиби
Жандүйнөң о жарк этип

Ыңааладың, күлдүң — он
Ойнодуң, сүйдүң, билдиң — он
Үйлөңдүң, курдуң, күйдүң — он
Ыйладың, кыйналдың, турдуң — он
Жыргадың жыйырма-кыркты Кошсо
Жаратканың тосуп алат андан соң

Жылдар — болгону убакыт
Жебедиңби көңүл акыны
Жыгылган колду таядыңбы
Жөлөп бердиңби жакыныңды

Ата бабаңды сыйладыңбы
Ата энеңди кыйнабадыңбы
Ашыгың көп ыйлабадыбы
Жаманын көп жыйнабадыңбы

Айбан болбой, адам бол
Адам болуу бир өмүр
Айбан болгон бир жашаса
Адам болгон адамдарды барктап өтөт миң өмүр

Кайырма:
Өмүрдүн мааңызы да адам болууда
Өмүрдүн кызыгы да адам болууда
Жашырба жакшы жанды — ал дүйнө дабасы
Жакшыңды сыртка чыгар, адам баласы

Өмүрдүн мааңызы да адам болууда
Өмүрдүн кызыгы да адам болууда
Жашырба жакшы жанды — ал дүйнө дабасы
Жакшыңды сыртка чыгар, адам баласы

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *