Эки киши тамактанмак болду, бирөөнүн үч токочу, экинчисинин беш токочу бар экен. Жаңыдан отура баштаганда бир жигит өтүп баратып салам берет. Тигилер саламын алик алып, бирге тамактанууга чакырышат. Ал макул болуп чогуу отуруп калат. Тамактанып бүткөн соң тиги жигит сегиз алтын тыйын калтырып айтат:
– Алыңыздар, рахмат, бул силердин наныңар үчүн төлөгөнүм.
Ал кеткенден кийин акчаны бөлмөк болушат. Беш токочу бар адам кыйкырат:
– Беш рупий[1] меники, себеби менде беш токоч, сеники үчөө гана болгон. Үч токочу болгон киши акчаны тең бөлөлү деп талашат. Талашы улам күчөп, эч ким бири-бирине макул болбойт.
Акыры алар акимге барышып, талашын айтып беришти. Аким үч токочтун ээсине мындай деди:
– Тиги жигит көңүлү менен үч алтын берсе эмне албадың?
– Мен буга макул эмесмин төрөм, – деп жооп берет, – мен тең бөлүшкөндү талап кылам. Биз чогуу жедик.
– Демек сен өз бөлүгүңдү сурап жаткан экенсиң го? – дейт аким, – анда сага тиешелүү акча бир гана рупий, а калган жети алтын тигиге берилиши керек.
– Эмне үчүн төрөм, мага бир гана алтын? – деп кыйкырып жиберди тиги киши. – Мен үч алтынга макул болбой жатсам, сиз мага бир алтын берем дейсиз!
– Силер үч киши болдуңар, – дейт аким, – а токочуңар сегиз. Эгер ар бир нанды үчкө болсон 24 бөлүк болот. Силер тең бөлүшө жеген болсоңор ар бир кишиге сегиз бөлүктөн тиет. Сенин токочуңдан тогуз бөлүк болду, сен сегиз бөлүк жесең, сенден тигилерге бир гана бөлүк калыптыр. Беш токочтон он беш бөлүк болот. Анын сегизин бирөө жесе, экинчисине жети бөлүк, сенин бир бөлүгүң менен аныкы да сегиз бөлүк болуптур. Демек, сенден арткан бөлүгүңө бир алтын алышың керек, жакшылап ойлонуп көр да, эсебин кара.
– Туура дептир, – тиги киши, – мен түшүндүм да макулмун, үч алтынга ыраазымын.