Датасы: 18.04.2025
Формат: mp3

Кулпунуп күндүн нурларында
Толукшуп жашоо ыргагында
Жаздай кезим жайнап турган
Аруу тилек алып нурдан
Ак ниеттен назик сезим сунган

Кайырма:
Жүрөгүмдөн бүрдөп сезим
Кыялданып жүргөн кезим
Аяр күтүп ар бир сыйкыр
Жылуу кечи
Шоолаланып аткан таңдай
Жаңы бүчүр ачкан талдай
Жаштык деген таттуу экен
Өзү балдай

Кулпунуп түнкү жылдыздардай
Кубулжуп булбул болуп сайрай
Жаздай кезим гүлдөп турган
Жылуулукту алып ырдан
Жаркын ойду чын дилинден сунган

Кайырма:
Жүрөгүмдөн бүрдөп сезим
Кыялданып жүргөн кезим
Аяр күтүп ар бир сыйкыр
Жылуу кечи
Шоолаланып аткан таңдай
Жаңы бүчүр ачкан талдай
Жаштык деген таттуу экен
Өзү балдай




Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *