Көйкөлүп жаткан шиберди,
Көп көрүп тепсей баспагын.
Күзгүдөй тунук булакка,
Топурак уучтап чачпагын.
Кумурска майда экен деп,
Тебелеп жана жанчпагын.
Чабалга чондук көрсөтпө,
Чын эле сага айтканым.

Аягын назик гүлдөрдү,
Аягын мукам үндөрдү,
Өзгөчө жаным, аягын,
Элжиреп сен деп жүргөндү.
Каарына асты карабай,
Кан-жаны сени сүйгөндү.
Өнөкөт кылба жашыңдан,
Орунсуз кабак түйгөндү.

Адамга бүткөн таалайдын,
Назиги жүрөк турбайбы.
Жүрөктүн тунук сезимин,
Жан менен коргоп ырдайлы.
Кырсыкты гүл деп көрсөтүп,
Кыянат жашка кылбайлы.
Ашыктык суйуу нукура.
Бакты экенин ылгайлы

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *