Жолукпасаң жолукпагын,
Сен мага чоочун жан болуп калдың.
Жолдор башка, тагдыр бөлөк беле,
Жолукпасаң жолукпагын.
Сен эркелеп, мен бактылуу,
Күндөр ал эми кайрылбайт өткөн.
Жолукпа, жок, башкасың сен, мен да,
Жүрөгүм муз, жылдызым өчкөн.
Кайырма:
Күтүп күн өттү, аппак кар, кыш келди,
Күз өтүп, капыстан көчөдөн кездешсек.
Карабай кете бер түз өтүп,
Карааның карекке түнөтүп.
Жолукпасаң жолукпагын,
Сен мага чоочун жан болуп калдың.
Жолдор башка, тагдыр бөлөк беле,
Жолукпасаң жолукпагын.
Жолукпасаң жолукпагын сен.
Айчүрөк Иманалиева — Жолукпасаң жолукпагын тексти
Датасы: 30.09.2020 Көрүүлөр: 127