Датасы: 04.03.2022
Формат: mp3

Сүйүнүчтү убакытта турабыз бүгүн
Мөл булактай тилектерди угабыз бүгүн
Ачылсын деп бактысы айтылсын кеп жакшысы
Көптөн бери күтүп жүргөн кубаныч бүгүн
Көптөн бери күтүп жүргөн той дагы бүгүн

Кайырма:

Жакшылыкка чогулду асыл адамдар
Жан дүйнөгө жакын адамдар
Жан катары тилек айтып батасын берет
Жаз күнүндөй жадырагандар
Өтсө дагы убакыт өмүр көчүн улашып
Жүрөктөрү эч бир качан карыбагандар

Ырыс дөөлөт ак өргөсү куралсын дейбиз
Улуу-кичүү черин жазып кубансын дейбиз
Ага-тууган досторуң жагып көңүл отторун
Жакшылыкка жакшылыктар улансын дейбиз

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *