Датасы: 26.10.2020
Формат: mp3

Жазып саламым, катты саламын,
Сагынычтан жообуң мен аламын.
Ушул турмушум, түйшүк жумушум,
Амандыкты, досум, айтып турушум.
Билсең өмүр аз, бар өмүрүң жаз,
Кубанычка баткан күндөрүң жаз.
Жамандыктан кайт, жакшы тилек айт,
Сагынычтуу, досум, салам айт.
Кайырма:
Ак куу кетет, көл калат,
Ак канатын булгалап.
Мезгил өтсө сагынып,
Айдың көлгө кайрылат.
Алыс жүргөн адамдар,
Аманаттан салам бар.
Ак куулардан сагынган,
Саламымды айтып бар.
Кабар алып тур, катың жазып тур,
Жүрөгүңдөн таза чачып нур.
Дос деп билемин, аппак тилегим,
Ишеничтен бүткөн досум -тирегим.
Ыйманыңда бол, досум курдашым,
Тагдыр бизди бөлүп кайда бурбасын.
Мени эңсеген момуну да бар,
Саламыңды алдым жүрөк кубанар.
Кайырма:
Билсең өмүр аз, бар өмүрүң жаз,
Кубанычка баткан күндөрүң жаз.
Жамандыктан кайт, жакшы тилек айт,
Сагынычтуу, досум, салам айт.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *