Датасы: 05.04.2024
Формат: mp3

Адатымды сени жакшы көргөн
Калтырбадым, кантем сага көнгөм
Ойлорумду каптап алып туман
Олтурамын капкараңгы бөлмөм

Судоку, тагдырыма башым жетпей
Же сен кетпей, же мен кетпей
Жүрөк улам сени эстейт, мен эместей
Тротуар, көлөкөм жана өзүм
Жаңырат, ыйлаба деген сөзүң
Жакпай абалым
Таппай амалын
Кайда барарым

Түндөсү саат жылбай, убакыт өтпөй
Же үзүлбөй үмүт өчпөй
Адат болду жашым төкмөй, көңүл чөкмөй

 

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *