Билбейм муну сүйүү дейби сезим дейби
Ашыктыгым көздөрүмдөн билинбейби
Сүйөрүмдү айтсам сиздин жүрөгүңуз
Четке кагып бүт айламды кетирбейби
Бар…Сезимдер ар кандай
Калганбы байкалбай
Жүрсөңүз айта албай
Күлгөнүңүздө күн бар,
Карегиңизде түн бар.
Үндөсөм ачпай койду
Жүрөгүңүздө ким бар?.
Чертилбей сүйүү кылдар
Кезексиз өттү жылдар
Ачылар бир күн деген
Жүрөгүмдө миң сыр бар
Жүрөгүмө жашыруун сөз катып койгом
Сезимдерди сактайын деп тунук бойдон
Кайдан билем жандырмагы сизге буйруп
Маңдайыма балким сизди жазып койгон
Айт,айтыныз жашырбай
Сан ойго батырбай
Калбасын ачылбай
Айганыш Абдиева — Жүрөгүңүздө ким бар? тексти
Датасы: 14.01.2021 Көрүүлөр: 4271
Сонун ийгиликтер коштосун