Датасы: 02.11.2022
Формат: mp3

Айылымды жүрөм сагынып
Уксам деп жакшы жаңылык
Жете албайм аттиң ай сайын
Күнүмдүк ишке камынып
Жаз өтүп жай күз кайра эле
Жыл дагы келет жаңырып

Булбулун ырын уккан эл
Элмирбек төкмө чыккан жер
Токтогул Залкар тарыхта
Түбөлүк кылды кутман эл
Тоолордон кайрык жаңырып
Топ талант ырдап чыккан жер

Токтогул кичи мекеним
Сөз жетпейт ыйык сеземин
Киндик кан тамган улук жер
Баркына кантип жетемин
Балалык кылып кадырын
Байкабай жүргөн экенмин
Төрөлгөн жерим Өзгөрүш
Жакында барып кетемин
Айлымды жүрөм сагынып

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *