Аккан суум акпай калды,
Меникиндей арман барбы.
Кошулмак чоң дайрага,
Адашып таппай калды.
Кайырма:
Бугумду ырдайынчы,
Арманым батпай калды.
Көңүлсүз мындай жашоо,
Көөнүмө жакпай калды.
Күн өтөт сызган куштай,
Каларбыз сыздап-сыздай.
Ажыратмак болсоң кайра,
Не коштуң бизди, Кудай?
Кайырма:
Кадамым баспай калды,
Канча жол артта калды.
Өзүң деп соккон жүрөк,
Өзгөгө чаппай калды.
Ажырадым ардагымдан,
Өкүнүп кайгырбаймын.
Турмуштун жолу татаал,
Кайра эми жаңылбаймын.