Датасы: 29.06.2024
Формат: mp3

Күнүгө ойлоп сагынып

Күтөмүн өтө зарыгып

Караның көзгө көрүнбөй

Калдыңбы мага тарынып

Тамаша бүткөн кыялым

Тартамын сен деп убайын

Табылып жаштык дарысы

Таркаса боло кумарым

Кайырма

Балбылдаган көзүн карагат

Жүрөгүм сени сагынат

Жүрөлүчү кол кармашып

Кумдуу жээктүү көлдүн боюнда

Эрмектеп карап сүрөтүң

Эскерип нечен күн өттү

Эркелеп айткан сөз үчүн

Эзбесең боло жүрөктү

Жаш кезде кетет жаңылыш

Жарабайт жаным тарыныч

Жанаша келчи жаныма

Жазылсын күткөн сагыныч

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *