Сайраган булбул тилиндей,
Көшүтүп көзгө илинбей.
Жаш кезиң өтөт турбайбы.
Жадырап-жайнап билинбей.
Селкилер менен алышып,
Бозойлор менен жарышып.
Жүргөн кез түшсө эсиме,
Жүрөгүм кетет сайышып.
Чечедей болуп кадала,
Чыкпайт го ал кез санаада.
Чачымды бурул басса да,
Картайтпайт мени замана.
Айпери Кулбаева — Картайтпайт мени замана тексти: 2 комментарий
Ката жок ыр жакшы
Абдан жакты. Аябай соонун ыр экен.