Датасы: 08.03.2023
Формат: mp3

Сен мага кимсиң
Асылым сүйгөнүмсүң
Жалынып жалбарат күйгөнүмсүң

Мен сага киммин
Жашоодо жолуккан
Жаныңдын жарымы болгон
Жарыңмын ак жоолукчан

Сен мага кимсиң
Айымсың толуп турган
Булаксың атып чыккан оргуштаган
Мен сага киммин
Жаныңа күйөрүңмүн
Чаңкасаң бал кымызың
Жан бирге түгөйүңмүн

Сен мага кимсиң
Бүтпөгөн ырларымсың
Айталбай сактап жүргөн сырларымсың
Мен сага киммин
Булбулуң таңшып турган
Күнгө окшоп жан дүйнөмдө
Күн-түнү жанып турган

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *