Датасы: 19.11.2021
Формат: mp3

сөзү: Алыкул Осмонов

Кеткен кетти, өткөн өттү, бирдеймиң,
Кечтим дайра агымынын миңдейин,
Кемибеген кенч экен го тирүүлүк,
Кенч дебесем анан аны не дейин?!
Кайдан чыгып качан келдим бул жерге?
Жел миндимби, суу миндимби, билбеймин.

Калган калды, бирин көзгө илбеймин,
Бастым ашуу, тайган жолдун миңдейин,
Шаан-шөкөт, той экен го тирүүлүк,
Той дебесем, анан аны не дейин?!
Жашоо чиркин, бир тамшаным нерсе экен,
Кант жедимби, бал жедимби билбеймин.
18/XII 1945 Койсары

Айпери Кулбаева — Тирүүлүк тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *