Жан дүйнөбүз ал кезде тоолуу шаң эле,
Ар бир баскан жолубуз жарык таң эле.
Күйүтү жок балалык төгүп мээримин,
Күлкүбүздө канаттуу кайрык бар эле.
Кайырма:
Биздин балалык кетти кайдадыр шашып,
Жазда кусалык турат жүрөккө батып.
Эске түшөт ал учур жаздын ирмеминдей,
Кайра бизди чакырып бакытка,
Кайра бизди жетелеп бакытка.
Мезгил шашып токтобой учуп убакыт,
Мээрим төккөн бала чак кетти кыр ашып.
Баткан күндүн нурундай калды кол булгап,
Балалыктын ирмемин алыс узатып.
Кайырма:
Айпери Сыдыкова — Балалык тексти
Датасы: 09.10.2020 Көрүүлөр: 285