Тойбосс
Тойбосс

Жоодурап көзүң ар качан,
Жолуксам тилсиз арбашам.
Айттырбай билер болсоңчу,
Алгачкы сүйүүм арнасам.

Жүдөтүп жаштын аптабы,
Жүрөгүм чокко кактады.
Жан эмес, ысык жалынга,
Жарылат тура таш дагы.

Билбейсиң неге анымды,
Билсең да сынар чагыңбы.
Кыйышпас болсоң сөзгө кел,
Кыйноого салбай жанымды.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.