Асман көктө чалкыган, жериң сонун Ала –Тоо,
Ата-журтуу акылман, элиң сонун Ала –Тоо.
Аркар, кулжа жайнаган, төрүң сонун Ала –Тоо,
Ак-куу сүзүп калкыган, көлүң сонун Ала –Тоо.
Эркин кыргыз элине, энчи болгон Ала –Тоо,
Эгемендүү жерине, кечи болгон Ала –Тоо.
Каркырадай жебесин созо жүрөт Ала –Тоо,
Кайда жүрсөм элесиң, кошо жүрөт Ала –Тоо.
Түркүн гүлү жайнаган, түрүң сонун саймадан,
Гүл зарыңда түрдүү куш, күн, түн тынбай сайраган.
Карегимди толтуруп карай берем кайрадан,
Кагылайын Ала –Тоо, караныңдан айланам.
Ршрргоо
зор
Фууууууу
Кандай сонун чыгарма ийгилик
Сонун экен ыр
Оа
Кечи ❌ кенчи✅
Кыргыз музыка
Кечи эмес кенчи
Кенчи деген жери кечи болуп калыптыр
Класно
Бир ката бар экен «Ата-бабаң акылман элиң сонун Ала-Тоо»
Ооба 6 строка кечи болуп Н калып калыптыр кеНчи туура беле?
Ыр соонун бирок ката ырдалган
Norm
Эн сонун. Жон эле ээргип, бугундун баарын чыгарып ырдасан. Чон ыраазычылык авторлорго да, аткаруучу Саламат эжеге да.