Датасы: 12.04.2022
Формат: mp3

Бакытка бөлөп өзүмдү
Балкыймын карап көзүңдү
Ичимден турам ийменип
Айта албайм ашык сөзүмдү

Кайырма:

Ачылып гүлүм гүлдөсүн
Азгырып башка сүйбөсүн
Арналып келген белегим
Айтылып бүтпөс дүйнөмсүң

Аярым сенсиң кымбатым
Ашыгым сулуум сымбатым
Азапка таштап кетпегин
Асылым сүйүүм кыйбасым

Өзүңсүң бардык кыялым
Кыйнаба жанды кумарым
Жактырып жакшы көрөмүн
Жалгызым сезим тумарым

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *