Тойбосс
Тойбосс

Куу түлкү келдүн жээгинде жойлоп журуп, татынакай чапан таап алды. Ал чапанды кийип көрсө, өзүнө эң эле чак экен.

Аны кийгенден кийин көлдү жакалап жайкалып басып жүрмөк болду. Ошондо астынан карышкыр чыга калды.

Саламатсынбы, досум! — деди карышкыр.

Саламатпы, макоо! — деп түлкү мактанып, үстүндөгү жаңы чапандын жакасын сылап жооп кайтарды.

Ээ, түлкү, сен бул жаңы чапанды кайдан тапкансың? — деп сурады карышкыр.

Өзүм эле тигип кийдим, көк жолбун, — деди түлкү.

Эмесе мага да тигип берсең боло. Ошол кызматың үчүн мен сага кырк тармал козуну айдап келип берейин. Анын этин экөөлөп жеп, анан кара көрпөлөрдөн мага татынакай тон тигип бер, — деп карышкыр жалына баштады.

Болуптур. Ошол кырк кара козуну айдап келгин. Козунун этине жакшылап тоюп, анан мен сага татынакай тон тигип берейин.

Карышкыр бул убадага өтө кубанды, күн сайын түлкүгө бир кара козуну жетелеп келип турду. Бирок козунун терисин улкуп-жулкуп, майы менен кошо сыйрыл жатышты. Карышкыр кеткенден кийин, түлкү курсагы ачкан кезде, майлуу терини улам жеп коюп турду.

Кыркынчы куну, мен эми түлкүгө берген убадамдан кутулдум деп ойлоп, карышкыр түлкүдөн:

Менин тонум тигилип буттубу? — деп сурады.

-Жакында бүтөт, — деп түлкү кебелбестен жооп кайтарды.

Карышкыр кайра кетти.

Карышкыр түлкүден тонду күтө берип, акыры тажап бүттү. Түлкүгө келип, менин тонумду бер деп кыйнай баштаганда, түлкү ийинге кирип, жашынып жатып алды.

Карышкыр ийиндин оозун кайтарып отуруп курсагы аябай ачып, ийиндин ичинде түлкүнүн да курсагы ачты. Ачкалыкка чыдай албай, түлкү ийинден секирип чыгып, куйругун булактатып, капкайда качып жөнөдү. Карышкыр анын соңунан катуу секирип, түлкүнүн куйругун кырча тиштеп жулуп алды.

Түлкү качып баратып, аркасына улам карап, татынакай куйругунан ажырап калганын көрүп, ага өтө кейип, зымыраган бойдон жүрүп отурду.

“Жалгыз эле мен куйруксуз болбой, башка-түлкүлөрдун бардыгын куйругунан ажыратайын” деп ойлоду бул түлкү.

Өзунө тааныш түлкүлөрдүн бардыгын ийнине чакырып, алар келип бүткөндөн кийин бул түлкү минтип айтты:

“Туугандар, биз эми ушул ийинден сыртка чыга албайбыз. Анын себеби, бизди сыртта көкжолбун кайтарып отурат. Андан кутулуш учун мен мындай акылды ойлоп таптым: бириңерге биринер куйругунарды бекем байлаштырып алгыла, анан акырын жылып сыртка чыккыла”.

Түлкү көп экенин көргөндө, ушулардын ичинен кайсыны тандап жесем деп, карышкыр ойлонуп туруп калат, ошондо силер туш-тушка жулунуп
зымырап кача баштагыла.

Түлкүнун баары буга макул болушту. Бири-бирине куйруктарын бекем байлап, сыртка жылып чыгып, туш-тушка жулунуп кача башташты. Ачыккан карышкыр алардын бардыгын чогуу качырды. Түлкүлөр андан коркуп, катуу
секиргенде куйруктары жулунуп кала берди.

Бул ийинди ээлеген куу түлкү ийинден чыкпай, акырын гана тумшугун созуп, берки түлкүлөрдүн куйруктары жулунуп калганын көргөндө ичинен жымыңдап, анан каткырып күлүп да жиберди.

Анын каткырыгын карышкыр угуп калды. Түлкү дагы эле ийининен чыкпай жатканын билип, жулунган куйруктарды чогултуп, аларды кемирип жеп, ийиндин оозун кайтарып дагы отуруп алды. Куйруктарга жакшы тойгон жок.

Эртеси курсагы ачып, улуй баштады, анан түлкүнү кантип алдоонун амалын
ойлоду.

Жүгүрүп жүрүп кайдандыр кумган таап алып, анын түп жагын сындырып, кумгандын оозун түлкүнүн ийининин жанына алып келип орнотуп койду.

Шамал соккондо кумгандын оозу ызылдап, карышкырдын улуганы сыяктуу дабыш чыгарып турду.

Бул улуган карышкыр экен деп ойлоп, түлкү өзүнүн ийининен дагы эле чыга албай койду. Анын эртесинде түлкүнүн курсагы аябай ачып, андан ары чыдай албас болду.

Ошондуктан сыртка акырын жылып чыкса, карышкырдан дайын жок, ал капкайда кетип калыптыр. Анын ордунда кумгандын оозу улуп турат.

Түлкүнүн ачуусу келип, кумгандын оозун жазаламакчы болуп, аны башына илип алып, сууга таштап жибериш учун жүгүрүп барды.

Сууга бат эле жетип, кумгандын оозун таштайм деп, башын улам силкип, эч түшүрө албай койду. Түлкүнун ого бетер ачуусу келип өз башын сууга тыкканда, жээктен тайгаланып кетип, терең суунун ичине чөгүп өлдү.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Кой менен карышкыр103
Акылдуу кыз жомок78
Китептин душманы55
Алтын куш жомок41
Аюлар кышында эмнеге укташат41
Зебранын териси эмнеге ала тилке41
Атанын керээзи жомок39
Ак куулар29
Көмөч нан (колобок) жомок28
НАН27

Один комментарий к “Мактанчаак тулку”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.