Датасы: 29.06.2024
Формат: mp3

Ашыгым келчи жаныма

Сен деген сезим багымда

Билемин келбейт экениң

Келем деген убада

Айтасыз баарын элге эле

Таарынам кээде эркелеп

Өмүрдө сүйүп арнаган

Жүрөгүмдү сизге эле

Кайырма

Жазба дейбиз чалба дейбиз

Бир бирибизге эркелеп

Бактыбызга багыбызга

Сен бар жашоо керемет

Жагымдуу сонун мүнөзүң

Биринчи жазды күтөсүң

Жолуккан ар бир учурда

Кылыктанып күлөсүң

Сезимдер тунук деңиздей

Сүйүүгө келдик кечикпей

Сагыныч тоодой а бирок

Бир бирибизге билгизбей

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *