Датасы: 08.08.2020
Формат: mp3

Кабагыңда ажарыңда
Айдын сыры бар беле
Жамалыңда жанарыңда
Жаздын сыры бар беле
Кыялдарда санааларда
Мен толкуймун кайыктай
Сен жөнүндөгү
Сан ойлордон мен ойлордон
Калдым окшойт айыкпай

Кайырма:
Сен дедим мен сен дедим
Сен болбосоң ким дедиң
Сезимдерге гүлдөй оролгон
Cени гана теңдедим

Көңүлүңдө жүрөгүңдө
Гүлдүн сыры бар беле
Күлгөнүңдө жүргөнүңдө
Күндүн сыры бар беле
Сага арналган
Махабаттын жээгин бассам утурлай
Сен жөнүндөгү сан ойлордон
Калдым окшойт айыкпай

Кайырма:






Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *