Датасы: 13.01.2026
Формат: mp3

Мен сенден көрдүм го кубат дегенди
Мен сенден көрдүм го назик жүрөк
Жөнөкөй адебиң, намыстуу тегиң
Жан тандооң болду экен кандай чүрөк

Кайырма:
Шумкар таңшыган, о
Согуп Тянь-Шань, о
Жүрөгүңдөгү

Баатыр мүнөзүң
Балбылдаган көзүң
Жигиттин гүлү

Нарын-Нарын деген дари-дарыядай мүнөзүң менен, а, сезим жандырып, о
Дайым-дайыма мен, эми Нарындан, о, күтөм салам кат

Сен мен үчүн аска-зоо тирегимсиң
Себеби негизиң бар эр жүрөк
Сен мен үчүн сезимтал зирегимсиң
Жан дүйнөңдөн тамып мээрим мүрөк

Кайырма:
Шумкар таңшыган, о
Согуп Тянь-Шань, о
Жүрөгүңдөгү

Баатыр мүнөзүң
Балбылдаган көзүң
Жигиттин гүлү

Нарын-Нарын деген дари-дарыядай мүнөзүң менен а сезим жандырып, о
Дайым-дайыма мен, эми Нарындан, о күтөм салам кат

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *