Датасы: 14.04.2024
Формат: mp3

Кайда барсам ошондо да сен болосуң
Өрт таянсам гүлү көп да бел болосуң
Суусап кетсем көп кашкада булак болуп
Ысып кетсем ысып кетсем айдарым да жел болосуң

Түйшүк тартсам жолотпой да ала качып
Жумуш кылсам турасың да каралашып
Сен келесиң жаныма да күн нуруна
Аппактыгың аппактыгың карга да аралашып

Китеп ачсам карайсың да тамга болуп
Бакка кирсем карайсың да алма болуп
Комуз алсам күү болуп да көпкө койбой
Булбул болуп булбул болуп сайрайсың да талга конуп

Сууну көрсөм ак мөлтүр да шар болосуң
Дайын жоктон жаралып да бар болосуң
Баары болуп жүрөсүң го бирок айтсам
Качан мага качан мага өмүрлүккө жар болосуң













Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *