Датасы: 05.10.2021
Формат: mp3

Жалгызым бир өзүңдү сагындым
Элестеп көз алдыма карааның
Ойлор басып өзүңдү элестеп
Терезени карайм күндө мен эңсеп

Кайырма:

Жаным сени күттүм
Жанымдай сени сүйдүм
Махабат отуна күйдүм
Сагынып сени жүрдүм

Алтыным жарык чачкан көздөрүңдү
Асылым каараныңды көрөмүнбү
Ай нурундай жарык берчи мага
Арналат аппак сүйүүм сага гана

Кол кармашып жүрсөк деймин дайыма
Жаратканым айрыбасын тагдырда
Аман болчу алтыным сен бактыма
Түбөлүккө өмүр сүрчү сен жанымда

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *