Гүлжигит Сатыбеков — Ата-энеме тексти

Көчүрүү (скачать)

Апам мени сулуу кылып төрөгөн,
Алпештеген ак бешике бөлөгөн.
Карга дагы аппагым дейт баласын,
Үшүбө деп түймөлөрүн төөнөгөн.

Бейиш гүлү улам төшөлүп,
Алтын апа баскан жолуңда.
Бакыт гүлүн көпкө терейин,
Ата деген тоонун боорунан.
Өмүрүмдүн ошол майрамы,
Ата-энемди көрсөм жайдары.
Ырахматым айта берем да,
Дөөлөттөрүм ата жайдагы.

Атам менин бийик өскөн чынарым,
Апам менин үйдө жанган чырагым.
Кирпи дагы жумшагым дейт баласын,
Күнү түнү мээримине тунгамын.

Бирине-бири шерик да,
Атакем чексиз деңиз да.
Садаган кетем апаке,
Таманын астын бейиш да.
Гүлдөп бир турса гүл багы,
Сагынып барчу турагым.
Аска-зоо болсоң атаке,
Апакем мөлтүр булагы.

Эх атакем менин, алтын апам,
Алыста жүрүп сагынды балаң.
Баргым келет сырдашкым келет.
Эркелегим келет.

Бирине-бири шерик да,
Атакем терен деңиз да.
Садагаң кетем апаке,
Таманын астын бейиш да.
Жашоонун көрүп жыргалын,
Өмүрдүн каалайм узагын.
Бактылуу карылык тилейм,
Кудайдан ошо сураарым.

Гүлжигит Сатыбеков Ата-энеме караоке

Ушул жумадагы 10 популярдуу ыр

TitleLike Count
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти598
Нурмат Садыров - Жүрөктө Менин Арманым тексти297
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти60
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти52
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти27
Нурлан Насип - Кыргызстан тексти25
Кызсайкал Кабылова - Мен сизди унутушум керек эле тексти19
Cүйүү керемет тексти жана mp313
Самара Каримова - Менин атам жакшы адам тексти9
Гүлжигит Сатыбеков. Кара каш тексти жана mp36