Датасы: 04.10.2020
Формат: mp3

-Эжеке, эжеке, айтыңызчы,
Мээрим, мээрим, мээрим,
Мээрим деген эмне?
-Мээрим — мээримдүү күн,
Мээрим төккөн жериме.
Жакшы көрөм күндө эртеден,
Күндүн жайнап күлгөнүн.
Мээрим төгүп бакчамдагы,
Гүлдөрүмдү өпкөнүн.
-Эжеке, эжеке, айтыңызчы,
Мээрим, мээрим, мээрим,
Мээрим деген эмне?
-Мээрим — эркелетип,
Сени өстүргөн ата-эне.
Жакшы көрөм күндө эртеден,
Энем жайнап күлгөнүн.
“Тура кой” деп эркелетип,
Көздөрүмдөн өпкөнүн.
-Эжеке, эжеке, дагы айтыңызчы,
Мээрим, мээрим, мээрим,
Мээрим деген дагы эмне?
Мээрим — сенин атың,
Мээримдүү кыз, кичине.
Жакшы көрөм, жакшы көрөм.
Сизди, эжеке, абдан.
Мээрим төгүп ырдап берчи,
Ушул ырды башынан.
Ырдап берчи, ырдап берчи,
Ушул ырды башынан.
-Макул, ырдайын.
Анда силер айткылачы,
Мээрим, мээрим, мээрим,
Мээрим, мээрим деген эмне?
-Мээрим — эң мээримдүү,
Кең пейилдүү Жер эне.
-Азаматсыңар, балдар!
Эми чогуу ырдайлычы:
-Мээрим, мээрим, мээрим,
Мээрим деген эмне?
-Мээрим — Ата Мекен,
Мээрим төккөн элиме.

АК ШООЛА балдар хору — Мээрим тексти: 7 комментарий

    1. Чын эле катта жок бизге берген болчу ушуну жаттап барсам мактады эжем ❤️❤️

  1. Сонун ыр экен укам угуп алып жататап койунузчу деп атат

  2. Соонун ыр. Мага абдан жагат. Мен окуучуларга үйрөтүп жатам.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *