Көпчүлүк шаша берсин,
Көлчүктү баса берсин,
А жамгыр чуркатат тындырбай.
Эл билбейм түшүндүбү,
Эмнеге ушул күнү
Башкача шайырмын мен мындай.
Кайырма:
Кыякты мен ойной берем
Эл алдында ар түркүн.
Күйгөндүгүм: туулган күнүӊ
Бир жылда бир күн!
Сыйкырчы келсе көктөн,
Көгүлтүр вертолетчон,
Көрөбүз бепбекер биз кино.
Куттуктап туулган күнүм,
Кубантып мына бүгүн
Береби беш жүздөй эскимо.
Один комментарий к “Ак шоола балдар хору — Туулган кун Крокодил Генанын ыры тексти”