Датасы: 08.08.2020
Формат: mp3

Дайранын көркү кемеде,
Баланын көркү энеде,
Акыл айтсаң тыңшабай,
Акмактын көркү жемеде.

Шибердин көркү — мал менен,
Жылкынын көркү — жал менен.
Жылдыздай жанган кара көз,
Жигиттин көркү — жар менен.

Булбулдун көркү гүлдө бар,
Ырчынын көркү үндө бар,
Ак шумкар учса асманга,
Амалың болсо үндөп ал!

Бычактын көркү кынында,
Жылкынын саны кулунда,
Азамат болсоң, эр жигит,
Ардактуу иштен корунба.

Шибердин көркү — мал менен,
Жылкынын көркү — жал менен.
Жылдыздай жанган кара көз,
Жигиттин көркү — жар менен.

Булбулдун көркү гүлдө бар,
Ырчынын көркү үндө бар,
Ак шумкар учса асманга,
Амалың болсо үндөп ал!

Один комментарий к “Мирбек Атабеков — Санат ыры тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *