Ал мезгилде сараң, кекирейген, жалкоо ламалар көп болчу экен. Алар жыргап-куунап өмүр өткөрүшчү. Бир улуста ошондойлордон үч семиз лама өзгөчө билинип турчу. Алар башкаларга өздөрүн акылдуубуз дешип, ар кандай сырлардын түйүнүн чечип беребиз деп мактанчу…

Мына ушундай үч эткээл, чиренген лама жашаптыр…

Кошуна айылда чын эле абдан көптү билип, көптү көргөн акылдуу абышка да жашаган. Ал өз өмүрүн көз жеткис мейкин талаа сыңары узак да, тоо дайрасындай буркан-шаркан түшүп да, көк асмандай таза да жашап аткан. Бул абышка ламаларга түк ишенчү эмес, аларды алдамчылар деп атаган.

— Ишенбесеңер бир күн өзүңөр көрөсүңөр го, ламаларда кенедей акыл да, намыс-ар да жок, – деп ал улусташтарына көп айтчу.

Ошентип бир жолу үч ламаны улустун мыктылары сагаан сары майрамына чакырып калат. Чакырыкты угуп ламалар жетине албай кубанышат. Бири биздин акылыбызга эл суусап, кеңеш сураганы чакырып атат десе, экинчиси эт жеп, курсакты бир кампайтабыз деп ырахаттанат, үчүнчүсү калкка өзүбүздү бир көрсөтүп коёбуз деп жетине албайт.

Үчөө шашылыш жолго чыгат. Коңушунун баласын арабакеч кылып кошуп алат.

Жол катар үч лама биринен бири өтүп мактанып келди.

— Билесиңерби, мен бир жолу бүтүн койдун этин кантип жедим? – деп сурады биринчиси.

— А баягы кара көз сулууну билесиңерби, мен аны ата-энесинен кантип ажыратып калдым? – дейт экинчиси.

— Ой баягы абышкадан канча акча өндүргөндү унуткан жоксуңарбы? – деп каткырып күлдү үчүнчүсү.- Ал чал кийин баары бир өлүп калды!

Бала булардын сөзүн угуп, алардын ушунчалык ичи арам экендигине иренжип бара берди.

Улуста ламаларды ардактап тосуп алды. Аларга өзүнчө өргөө көтөрүптүр. Улуулата жумшак орундуктарга отургузду. Эң төмөндөн арабакеч бала орун алды.

Бир убакта ламалардын бири баланы карап:

— Арабакеч деген жумшак орундукка эмес, улагага, катуу орундукка эле отурат! – дебеспи.

Ансыз да кысынып отурган бала кыпкызыл болуп ордунан турду. Ошо кезде буларды чакырган акылдуу абышка ыймандуу гана:

— Мени кечирип койгула, биздин улустун салты боюнча коноктун баары жумшак орундуктан жай алат… – деди.

Ламалардын аксакалы жана эң эле эткээли абышканы жактырбагандай керкакшык узатты:

— Аа, силер анда «ар улуттун ити өз тилинде үрөт» деген макалдагыдай мыйзам менен жашайт турбайсыңарбы? Ошентип айтайың дедиңер беле?

— Ошондой, ошондой, ламбай. Бул макалда жан бар. Ошон үчүн «кудук түбүндө балык жок, эски сөздө жалган жок» деп бекер айтылбаган да… – деген абышканын кебине лама теригип кетти:

— Биз сени биринчи мерте көрүп атабыз… А сен болсо биз менен талашкың келет!..

— Койсоңорчу кантип эле. Мен жөнүндө жаман ойлобогула, урматтуу ламбайлар. Ал сөз айткан мен эмес, ал деген макал. Ошол макал силердин кийимиңерди тытып аткан… Азыр чай келет… Анан баарын унутабыз…

Чай келер алдында абышка баарына бирден теспе таратты. Топтоголок семизи бир нерселерди окуп теспесин тарта баштады. Экинчиси теспени мойнуна илип алса, үчүнчүсү койнуна катып кирди. Бала гана аны стол үстүнө койду.

Конокторго чай келди. Чай чынылары бир башкача экен, стол үстүндө турбайт, кулайт. Ичүүгө, оозуна алып барууга ушундай бир ыңгайсыз десеңер. Ламалар колун, оозун күйгүзүп, экинчи кайра чай ичкис болду.

Абышка жылмаюу менен ламаларга кайрылды:

— Эмне болду, урматтуулар? Чай ичкиле, чай?..

Арабакеч бала гана жаймажай отуруп, чайдан каалаганча ичти. Анан чынысын стол үстүнө койду. Теспесин да ошентти.

Өргөөдөгүлөр коноктордун бул кылыгына жылмайып атты.

Кеч кирди. Коноктордун алдына отургучтар коюлду. Ламалар үмүт менен дагы эшикти карап атышты.

Ошондо алардын астына абышка ээр, жарак-жабдыктары менен оюнчук ат тартты.

— Жегиле, ардактуу коноктор, бул эт…

Ламалар эми биротоло ачууланды, бирок анысын билдирбөөгө тырышты. Баягы семизи аттын кулагын жулуп алып, оозуна сугунду. Анан эле кайра анысын оозунан окшуп:

— Бул эт эмес эле камыр турбайбы?!.. – деди.

Экинчиси, үчүнчүсү да аттын ар жеринен кесип ооздоруна салып көрдү эле, алар да кам камырды жеп шылдың болушту.

Ламалар бул сый тамакка ичтери чыкпай, кекенип, бирок унчуга албай турду. Дагы эле баягы арабакеч бала эч нерсени билбегендей жайма жай отурду. Кала берсе ал алдыга коюлган дасторкондогу аттын жабуулары менен ээрин алып жеп көрдү эле камырдын ичинде укмуштай даамдуу эт бар экен, эзиле жеп отурду.

Үч ламанын ичтери курулдап, ач болуп, кетүүгө камынды эле, абышка аларды токтотту:

— Кадырлуу коноктор, урматтуу ламалар. Биздин улуста алыстан келген конок бар. Абдан жакшы мейман, бирок сүйлөбөйт. Балким ал силер менен сүйлөшөр, силер акылыңар менен арбап кепке тартарсыңар? Ошол менен бир сүйлөшүп көргүлө, кадырлуу коноктор…

Ламалар аргасыздан көндү. Абышканы ээрчип боз үйдөн чыгып, анын артынан жөнөштү. Дагы эмне болуп кетер экен деп аларда жан жок.

Абышка айткан конок чын эле жол боюнда туруптур. Ламалар ага таазим кылса, ал тим эле керсейет. «Бул кандай текебер неме» деп ойлоду үч семиз лама.

Бул көрүнүштү абышка алдыртан, алыс жактан көз салып турган эле. Ламалар кайтып келгенде алардан сурады:

— Биздин конок менен тил табыша алдыңарбы? Ал силерге эмне деди?

— Силердин мейман начар киши экен, – дешти ламалар, – үн катпайт, өтө эле керкейет…

Арабакеч бала болсо башкача айтты:

— А мен силердин конок менен сүйлөштүм. Ал мага кыш түшкөндө тээ өйдө жактан түшүп келдим деди. Анан кайра ысык күндөр келсе кайтып кетем деп айтты.

Абышка тапкыч баланы кыса кучактады. Анткени жанагы сүйлөбөс мейман жандуу адам эмес эле кардан жасалган, кар кийим кийген киши тура.

Ошентип «ардактуу», «акылман» ламалар бүт улуска шылдың болду.

– Чагылгандуу булуттун жамгыры болбойт, даңазалуу ламалардын акылы болбойт! Өлөңдүү жерде өгүз семирет, өлүмдүү жерде лама семирет! – Ушинтип эл уятынан качып бараткан ламалардын артынан кыйкырып сүйлөнүп атты…

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы66
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Акылдуу кыз жомок26
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи19
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Один комментарий к “Акылман абышка”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *