Мурунку өткөн заманда малы көп, акылы аз бир хан жашады. Хан бир күнү ойлонуп отуруп, уулун чакырып: — Балам, палан жерде, бакыр деген элде акылман кемпир бар экен. Ошону эч кимге билдирбей ээрчитип кел, андан акыл сурайлы,— деди. Уулу макул болду да, атасынын сөзүн айтып, кемпирди чакырууга бөлөк бир жигитти жумшады.

Кемпир жолдо келе жатып, хандын уулуна жолугуп калды. Хандын уулу ага карап:
— Акылман кемпир, ханга барып кайтканында, сөзүңдү эшитербиз,— деп жигиттерин ээрчитип жүрүп кетти.
Кемпир хандын алдына барды. Хан тез барып келгени үчүн атын мактады. Акылман кемпир хандын кебетесин көрүп:

Жакшы деген атыңды,
Мактай берсен. макулбу.
Кулунтайың көп сатып,
Багып ал жардыжалчыңды!—дейт.

Хан кемпирге кыйкырып:
— Мага андай сөздүн кереги жок. Мага акыл бере турган сөздөрдөн айт! — деди.
Анда кемпир айтты:

Ханым, жакшы кылсаң өзүнө,
Жаман кылсаң өзүңө
Өөдө карап түкүрсөң,
Кайтып түшөр көзүңө!..

Хан ого бетер катуу кыйкырып:
— Тантыган кемпир, сенин сөзүңдө кымындай да акыл жок экен, акылдуу сөздү өзүм билем,— деди ал, зайыбын сыртка ээрчитип чыгып; кемпирге уу бергин, үйүнө барганда жесин да елсүн,— деген буйрукту кылды. Хандын зайыбы май токочко уу кошуп, аны кемпирге берип:
Үйүңө баргандан кийин жегин! — деди.
Акылман кемпир жолдо келе жатып, куш салып жүргөн хандын уулуна дагы кездешти. Хандын уулу кемпирдин колундагы уу кошкон токочту тартып алып, жалгыз өзү сугунуп жиберди эле, көзү аңтарылып, оозунан ак көбүк чыгып, чалкасынан кетти. Жигиттер болгон ишти ханга айтып барышты. Хан ошондо өзүнүн макоолугун билип, эрдин кесе тиштеп, оозун карманды

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы45
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар30
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор19
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Один комментарий к “Акылсыз хан”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *