Кышкы суук колду кайрып, чымчып беттен,
Кой жайып карлуу төштө күрткү кечсең.
Кыш бою баккан малың аман болсо,
Суукта кыйналганың чыгат эстен.

Жазында кой төлдөтөр жайга жетсең,
Туутта малчы да жок белди чечкен.
Жарышып эгиз төлдөр оюн салса,
Жаздагы чарчаганың чыгар эстен.

Суу болуп шөлбүрөгөн кийген чепкен,
Жайда кеп кездешет го мындай четтен.
Ак була жүнүн кыркып ашык алсаң,
Баягы суу болгон күн чыгар эстен.

Ашырып милдетиңди берсең эттен,
Салмагын ар бир койдун жетимиштен.
Беш жылдык жеңиш менен аякталса,
Күнүмдүк тарткан түйшүк кетер эстен

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *