Датасы: 17.12.2024
Формат: mp3

Көк асман күндүн нурун таратканда
Бакыт бар көрүнбөгөн ар ак таңда
Биз уктап кеткен жокпуз түбөлүккө
Ойготкон сансыз алкыш жаратканга

Калтырбас өмүр бою жолдо жалгыз
Баарыңды баала дагы тоболо түш
Жарыкты сыйлап берет санап берет
Жасаган жоктон барды Аллага алкыш

Кайырма
Алкыш апага алкыш атага
Алкыш жашка каарыга
Алкыш боорго алкыш айылга
Алкыш элдин баарына

Көрүнсөк тирчиликте күндөштөрүң
Жөн болор жылуу жумшак сүйлөшкөнүң
Алкыш айт душманды да досуңдай көр
Аларсыз бийигиңди билбейт элең

Жакшы сөз жаныбызды байытаар тек
Жамандын жалаа жаап айтары кек
Сааттай жылып жаткан дүнүйөдө
Айкышың алкыш болуп кайтары тек

Кайырма
Алкыш апага алкыш атага
Алкыш жашка каарыга
Алкыш боорго алкыш айылга
Алкыш элдин баарына

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *