Датасы: 07.10.2020
Формат: mp3

Кыз сымал назик ар дайым,
Кылым көргөн жамалың.
Кызыгып жерди кыдырып,
Кымбатым мен таппадым
Сагынып сага кайтамын
Сапардан мен сабырсыз
Сагындырып мени кайттырган,
Садагам сен Бишкек шаарымсың
Жашоонун козгойт кумарын,
Гүл оронгон чырайың,
Күн нуру өзү суктанган,
Күндөй жылуу турагым.
Мекеним сенсиң, жерим сен,
Мени танбас элим сен.
Медерим аман жүргүн деп,
Мээримин төккөн энем сен
Төгүлүп сулуу кирпигиң,
Түнүң бейпил болсо экен.
Бешиги ырын ырдай бер
Бейкуттуктап наристең
Бириктирип дүйнө шаарларын,
Бирин сага теңебейм.
Кубатым кетсе кучактап,
Кулунум, ий, деген шаарым сен.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *