Датасы: 05.07.2024
Формат: mp3

Досумдун билдим кимдигин

Ээн таала чолдо калганда

Чыныгы достор аз экен

Байкасам ушул жалганда

Досумдун билдим кимдигин

Ден-соолук кетип турганда

Баарысы жайнап жык толмок

Шаңданып оюун курганда

Кыйырма

Байлык деп сага дос болбойм

Бийлик деп сага дос болбойм

Достуктун билсең өз антын

Дайыма сен кош колдойм

Кадырды билип сыйласаң

Жүрөктөн сүйүп

Жүрөктөн сүйүп

Жүрөктөн сүйүп дос болом

Акырет күндү эстетип

Ар дайым адал ою бар

Ак жүрөк менин досторум

Ачылып турган жолу бар

Жаркырап чачат жарыгын

Жашоодо дайым тың достор

Жүргүлө жандап түбөлүк

Жазалма эмес чын достор

Кайырма

Байлык деп сага дос болбойм

Бийлик деп сага дос болбойм

Достуктун билсең өз антын

Дайыма сен кош колдойм

Кадырды билип сыйласаң

Жүрөктөн сүйүп

Жүрөктөн сүйүп

Жүрөктөн сүйүп дос болом

Алмаз Шаадаев — Дос тексти: 4 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *