Келечекке карай,
Кең турмушту самай.
Ыйык мекен мага,
Ырыс, бакыт, таалай.
Аруу сунган таңдай,
Аргымактай талбай
Кыргызстаным менин,
Күндөй жана айдай.
Кайырма:
Кыргызстаным, өзүң менен,
Үмүт жанып, тилек орундайт.
Кыргыз болуп калганыма,
Сыймыктанып, жүрөк толкундайт.
Ата салтын улап,
Жашайт калкым ынак.
Өлкө куту болуп,
Энелер бар чырак.
Улуу жолду курап,
Баба сөзү улуурак
Эр-жигиттер дайым,
Мекен үчүн турат.
Кайырма:
Алмаз Шаадаев — Кыргызстаным тексти
Датасы: 01.10.2020 Көрүүлөр: 1559