Илгери өткөн заманда бала хан болуптур. Жашында такка отуруп, өзүнчө сурак жүргүзүп турганы үчүн ал Балахан деген атка конот. Күндөрдүн биринде ал карамагындагы элди чакыртып, төмөнкүдөй жардык кылат:

Бүгүнкү күндөн тартып, силерге буйрук кыламын. Карыган адамды жардан алыс ыргытып жибергиле! Эл арасында кары киши болбосун! Эгер кимде ким буйругумду аткарбайт экен, анын башы алынат! Балахандын жардыгы катуу болгондон кийин кары кишилер жардан алыс ыргытылып турду.

Күндөр өтө берди. Ошол Балахандын элинде бир Акылбек деген киши жашачу экен. Анын Табылды аттуу жалгыз уулу бар болучу. Атасы ал уулунун курсагын ачырбай, кийимден өксү кылбай баккан. Акыры карылык каршы келип, минтип күчтөн тайый баштады.

Табылды атасынын карыганын көрүп, Балахандын буйругун аткарууну ойлоду. Карыя өлүмгө бара жатканын билди. Бирок уулуна унчуккан жок. Ал үнсүз-сөзсүз кете берди. Качан гана жарга жетип, ары көздөй ыргытып жиберерде, Табылды атасын карады эле, Акылбек уулу менен коштошуунун ордуна жөн гана күлүп койду.

Табылды атасынын күлгөнүн көрүп: «Бул эмнеси? Жардан алыс ыргытып, өлтүргөнү жатсам, күлгөнү кандай?» — деп ойго бата түштү. Анан сурай кетти: — Ата, сизди жардан алыс ыргытканы жатсам, ага капа болбой, сүйүнгөн немече күлдүңүз. Эмнеге күлдүңүз? Акылбек дароо эле жооп кайтара койгон жок.

Ал уулун ойлуу карады да, «айтып берейин» деген өңдүү башын ийкеп койду. Бир тынымдан кийин мындай деди: Айтайын, балам! Күлгөнүмдүн жайы мындай: сен дагы бир кезде мага окшоп карыйсың. Ошондо өзүңдүн балаң сени да мынтип жардан алыс ыргытат. Мына ошону ойлоп күлдүм. Эми түшүндүңбү?

«Атамдын күлгөнүнүн мааниси бар турбайбы!.. Чын эле бир кезде мен дагы карыймын. Ошондо өз балам өзүмө кыянат иш жасайт экен да. Атамдын айтканы туура. Эми эмне кылуум керек?» Табылды ушундай ойлорго малынып, баягы ордунда каткан бойдон туруп калды.

II

Бала бир топко каткан бойдон туруп калды. Бир оокумда атасын көтөрүп, үйүн көздөй жөнөдү. Табылды үйгө келгенден кийин, бир киши кенен бата тургандай кылып чоң сандык жасады. Үйүндө кары адам бар экенин элге билгизбеш керек. Балаханга кокус кабар жетип калса, анда атасынын да, өзүнүн да башы алынат. Ошону ойлоп, атасын чоң сандыкка салып, тамагын берип, жакшы багып турду.

Ошол убакта бир алтын кумура жөнүндө сөз тарап, кыйла элдин кыйырына, узун элдин учуна чейин угулду. Ал бир чоң дарыянын түбүндө, жээк тегилерге жаркырап көрүнүп турат экен. Балахан ошол алтын кумураны алып келүүгө киши жумшайт. Бирок барган адам таба албай кайра келет. Балахан куру кол келген кишиге каарын төгүп, башын алдырып салат. Хандын каарынан улам эл коркуп, дүрбөлөңгө түшөт.

Арадан аз убакыт өттүбү, көп убакыт өттүбү, айтор, алтын кумурага баруу кезеги Табылдыга келиптир. Алтын кумураны таба албай нечендер жазага тартылды. Көп кишинин башы алынды. «Нечендер издеп таппаган алтын кумураны мен табат белем?

Балахан менин да башымды алат дечи. Үйгө кайта келбес болгон соң, атам менен коштошуп кетейин» деп, сандыкты ачты да, Балахандан буйрук келгенин билдирди.

Акылбек уулунун сөзүн көңүл коюп укту да, анан мындай деген акылын айтты: Балам, хандын буйругу эки болбойт. Ага барбасаң, башың кетет. Буйрук келдиби, жөнө. Бирок алтын кумураны суунун түбүнөн издеп убара болбо. Ал суунун түбүндө жаткан жок. Жаркырап турганы жөн гана күнгө чагылышканы. Сен суунун түбүнө түшпөй, түз эле жээгиндеги бактын башына чыккын. Алтын кумура так ошол жерде. Абайлап ал!

Табылды алиги чоң дарыяга барып, сууга кирбей, атасынын айтканы боюнча бактын башына чыкты. Алтын кумура чын эле ошол жерде экен. Жигит кудуңдап сүйүнүп, алиги кумураны алып түштү эле, Балахан жана аны карап турган эл бүт таң калышты. «Муну өзү таппайт эле, буга бирөө акыл үйрөткөн болуу керек» — деп, Балахан шекшип, эми Табылдыны суракка ала баштады:

-Башкалар суудан издечү эле. Алтын кумураны таба албай акыры баштары алынды. Сага бул акылды ким үйрөттү? -Таксыр ханым, өзүм эле.- деди Табылды. — Жок. Өзүң таппайт болчусуң, бирөө үйрөттү. Эгер айтпайт экенсиң, башыңды алам. Чыныңды айт!-деди хан каарданып.

III

Аргасы түгөнүп, Табылды атасы жөнүндө айтууга аргасыз болду. Балахан ошондо:

Акыл карылардан табылат турбайбы! Мындан кийин кары кишилерден акыл үйрөнгүлө! Кары адамдарга тийбегиле! — деп элге жар чакыртты.

Хандын буйругунан кийин кары адамдарды жар дан алыс ыргытып жиберүү адаты биротоло токто луптур. «Карынын кебин капка сакта» деген ыла кап ушундан калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок37
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
ЖАЛКОО16
Карышкыр менен эчки16

АЛТЫН КУМУРА ЖОМОК: 12 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *