Датасы: 17.07.2024
Формат: mp3

Ал кезде менин жашоом көктөм эле

Ак жамгыр ошол күнү төккөн эле

Акылдуу сыймыктанган кыз болгуң деп

Атакем маңдайыман өпкөн эле

Жашоомдо өз ордумду билбей келем

Жаш толгон көздөрүмдү ирмей берем

Алыстан адамдардын арасына

Атаке караныңды издей берем

Сагыныч жүрөктү эзип ыйлай берем

Санаанын ченгелинен чыкпай келем

Ар дайым кийип жүргөн көйнөгүңдү

Атаке моокум канбай жыттай берем

Туура жол туура багыт берер элең

Турмуштан кыйналганда керек элең

Өмүрдө аска зоо бар кезимде

Өзүмдү эң бактылуу сезер элем

Один комментарий к “Алтынай Асанбекова — Атаке тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *