Датасы: 02.07.2024
Формат: mp3

Адашып сен экөөбүз эми

Өчкөндөй махабаттын деми

Байкалбай урап баратабы

Тургузган ак сүйүүнүн чеби

Түшүнбөйм мен да билбейм деги

Билбеймин анын не себеби

Биз менен иши жоктой азыр

Жай согот салкын күз илеби

Кайырма:

А балким кайра табышарбыз

Кол кармап бирге жанашарбыз

Түшүнбөй сезимдерди тунук

Таптакыр мүмкүн адашарбыз

А балким дүйнө бир кезербиз

Махабат деңизин кечербиз

Түшүнүп турмушта ойдо ылдыйга

Жүрөктөрдөн туюп сезербиз

Ак сүйүүм менден алыстаба

Адашып жолдон чалыштаба

Аябай бакытты берсе эмне

Жараткан ченеп карыштаба

Мезгил сен алга арыштаба

Күч бергин сезим багынтышка

Табигат койнуңа жылытчы

Махабат үшүп турат суукта

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *