Датасы: 10.04.2020
Формат: mp3

Үмүтүм үзүлбөй үшкүрөм түңүлбөй
Сөз калды айтылбай
Сыр бойдон ачылбай
Сага айтпадым

Сагынып саргайдым
Ойлорум чаржайыт
Жүрөктө жүргөнүң сезбедиң
Сен дайым
Сага айтпадым

Мен сени издесем
Билдирбей тиктесем
Мейли сен билбесең
Мейли сен күтпөсөң
Сага айтпадым

Келбейсиң жарк этип
Толкундай шарп этип
Күтмөкмүн өзүңдү
Чоң бакыт бар сезим
Сага айтпадым

Таң болуп атасың
Күн болуп батасың
Сен мага бийиксиң
Сен мага тазасың
Сага айтпадым

Арзуумду сыр кылат
Тигилсем кылгырат
Купуя сезимден куткарчы мени аяп
Сага айтпадым


Сага айтпадым — ВИДЕО

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *