Датасы: 25.10.2021
Формат: mp3

Ошол кеч эсте калды күзүңдөгү,
Көргөндөн үмүтүм эч үзүлбөдү.
Жүрөктү жүзгө бөлүп кетти окшойт,
Жылдыздай уячалар жүзүңдөгү.

Кайырма:
Сиз мага ушунчалык жагасыз да,
Көктөгү жылдыздардай жанасыз да
Экөөбүз бир болбойбуз аттиң дүйнө,
Жүрөктө арман болуп каласыз да.

Жүргөндө жадап турмуш бардыгынан,
Таберик болдуң окшойт тагдырымдан.
Ээрчишип аалам кезип кетким келди,
Аргасыз калдым жердин, аргасыз калдым жердин тардыгынан.

Маңдайга ушундайды жазган окшойт,
Көздөрүңүз күлүп турса сезим козгойт.
Экөөбүз баратабыз эки жолдо,
А менин жүрөгүмдө сүйүү боздойт.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *