Ширин-ширин аңгеме сүйлөп берип,
Жаш болсоң да сен көптү түшүнчүсүң,
Жазгы гүлдөй мен үчүн жайнап чыгып,
Жалбырактай кээде өксүп үзүлчүсүң.
Жан дүйнөм жүргөн кезде жараланып,
Жан сырым төккөн элем сага барып,
Жаагымды алаканың аста сылап,
Жаш кеткен жүзүң ылдый салааланып.
Биз үчүн биринде кең, биринде тар,
Өмүрдүн жылдар, айлар, мүнөтү бар,
Менин бир эски жаман альбомумда,
Сенин бир күлүп түшкөн сүрөтүң бар
Сенин бир жакшы түшкөн сүрөтүң бар.
Түтөгөн өмүрүмө жалын тилеп,
Сен мага бересиңби асыл жүрөк,
Жыргалда жашабаган таза сүйүү,
Ырларда жашаганын баары билет..
Кайырма:
Биз үчүн биринде кең, биринде тар,
Өмүрдүн жылдар, айлар, мүнөтү бар,
Менин бир эскии жаман альбомумда,
Сенин бир жакшы түшкөн сүрөтүң бар.
Эркеледим көп ирет мастык менен,
Нени кылбайт өрт, шарап, жаштык деген,
Эл көзүнчө өпкүлөп сени далай,
Эми өзүмчө азапты тартып келем.
Мен соолуктум, көзүмдү турмуш ачты,
Сен жолукчу өзүңө айтып берем
Сен жолукчу