Датасы: 19.03.2025
Формат: mp3

Элесиңди карап турсам сүрөттөн,
Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн.
Эсиңдеби, кечиндеги сырдашуу,
Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн?

Жүрөгүмдү сүйүү турса чыдатпай,
Жүзүң жанат балбылдаган чырактай.
Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан,
Эзелтеден бирге жүргөн ынактай.

Сансыз жылдыз бизди гана карашып,
Мени сенден, сени менден талашып.
Көпкө жүрдүк, ойноп-күлдүк, жаркыным,
Кеткичекти аппак болуп таң атып.

Бирок мезгил өткөн сайын нарылап,
Тетир карап, буруласың ар убак.
Азап тартып, арман күчөп жүрөмүн,
Үмүт менен жүрөгүмдү дарылап

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *