Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Көз жаш болуп ыйлап төгүлөм,
Көз мончоктой сынып бөлүнөм,
Сени эстесем.
Көлдөй терең ушул өмүрдөн,
Көп киши жок, жалгыз көрүнөм,
Сен кетпесең.
Кайырма:
Өтүнөмүн, өзгө жанга кетпечи,
Өткөн күндү эстечи,
Өкүнүчкө эзбечи.
Күнөө кылсам,
Койчу мени кечирип.
Кайгы-муңга кезигип,
Калдымбы же кечигип?
Айтпадың чечилип.
Кош эми, сезбедиң арманым,
Колум сунуп, жетпей калганым,
Сен кайрылбай.
Билемин сүүүңдүн жалганын,
Бир келген таалайың танганың
Сен кайгырбай…
Кайырма:
Жетпесимди түшүндүм,
Жалбырактай күздө үзүлдүм.
Муздак сезим кабылып,
Муза болбой сүйүүм үшүдүм.
Жалынсам да келбедиң,
Жалын сүйүү бербедиң мага,
Бербедин мага…

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *