Датасы: 14.03.2026
Формат: mp3

Сүйүүнүн барактарын өзүң менен баштагам
Жазылган саптарымдын жарыгысың жаралган.
Мен сени көргүм келет күндө таңды тоскондой
Бир өзүң үмүт берип койгондой


Узара берсин дагы менин түнүм
Түшүмдө жаным сени көрөйүн
Сезимдин кирип алды ичине
Ай көздөрүң…

Бололу тубөлүккө бирге
Байланып сүйүүнүн жибине

Чын сезим менен сага арнадым дастан
Бул сүйүүнү жүрөктө сактап калгам
Мен
Өзүң деп келемин.

Бул сезим сыр болуп калбасын каткан.
Бүтпөсүн сүйүүбүз нурларын чачкан.
Сен
Жашоомдун белеги.

Жаз болуп жарык чачып дүйнөмө
Билинбей тартып барат өзүнө
Сендеги жанып турган махабат
Табышмак болуп мага көрүнөт
Өзгөчө сезимдерден байланып
Мезгилим учат сага шашылып
Шамалдар сен тарапка учуруп
Калдымбы бир өзүңө кабылып

Бололу тубөлүккө бирге
Байланып сүйүүнүн жибине

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *