Датасы: 23.10.2019
Формат: mp3

Сөзү : Нурлан Насиптики

Обону : Нурлан Насиптики

Алыс кетсем үйүмдөн, кабатырланып,
Күнү-түнү уктабай санаага батып.
Кара чачың агартып, бизди чоңойттуң,
Рахматымды айтсам да, таманыңдан өпсөм да.
Аздык кылат апакем.

Кайырма:
Апакемдин маанайы,
Ачык болсун ар дайым.
Оорубачы апакем,
Узун өмүр каалаймын.
Алтын апакем

Төрүбүздүн көркүсүң, бейиш үйүбүз,
Сизден алып тарбия, тунук дилибиз.
Балдарыңды чоңойттуң, урмат-сыйын көр,
Небере да жетелеп, алар сага эркелеп,
Узак өмүр сүрүңүз.

Кайырма:

Нурлан Насип — Апакемдин маанайы тексти: 6 комментарий

  1. Толук кандай ырдалвшын жөнөсөнөр болмок өзү

    1. Ырдалышын десе жакшы болмок жөнөтсөңөр десеңер да жакшы болсок ката кетиртир

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *