Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Көңүл буруп угар бекен,
Ашык болуп калдым десем?
Көңүлүнө туяр бекен,
Сүйдүм сени, жаным, десем?
Арсар кылдың, айбыккан ашыктык,
Айта албадым, бардым нечен.
Кайырма:
Ала-Тоонун сулуусу, сага ашык булуту,
Айланчыктап кете албайм, көйкөлөт го турушу.
Ала-Тоонун ак куусу, сөздөрүнүн таттуусу,
Ачылат го сизге буюрган жигиттердин бактысы, ай-ай.
Кызыл гүлүм сунсам эгер,
Толкунданып алар бекен?
Андай сулуу кара көздү,
Бул дүйнөдөн табар бекем?
Салдың мени азапка, ашыктык,
Ал периге жагар бекем?
Жолугууга чакырсамчы,
Келер бекен күлүмсүрөп?
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Эзилди го кайран жүрөк.
Ашыктыгым айтайын ыр менен,
Менин сүйүүм сенде жүрөт.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *