Жан эркем жашоомду арнагам өзүнө
Ишендим сүйкүмдүү караган көзүнө
А бирок мен азыр түшүнө албай келем
Эмнеге турбадын сөзүнө

Экөөбүз бир жүргөн күндөрүбүз калды
Андагы сезимдер бүгүн өчпөс кайгы
А бирок баары бир күтө берем сени
Айтсанчы күттүнбү сен дагы

Кайырма:
Кош айтам а бирок унута албайм
Озүн жок ак сүйүүн улайм
Экөөбүз энсеген күндөр келер
Ошондо мен сага жолуга албайм

Сагыныч алоолоп от болуп күйсө да
Сендеги сезимдер билинбей өтсө да
Махабат бар үчүн таарынбаймын сага
Кеч эмес чынын айт жашырба

Асылым мен сени жүрөктөн чыгарбайм
Кайрадан кол сунуп кааласан чакырбайм
Адашып күн өтсүн айласыздан эми
Кош айтам а бирок унутпайм

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *