Датасы: 12.04.2024
Формат: mp3

Колумдан учтуң көгүчкөн сымал
Көктөмдөй болсун турмуштук уяң
Көпөлөк канат үйбүлөк кызым
Көңүлүм бошоп узатып турам

Кызылдан көйнөк көйкөлүп кийип
Кайын журт барктап эркелеп жүргүн
Ак тилек менен амандык тилеп
Алакан жаят ата-энең бүгүн

Кайырма:

Кийгениң манарт кыргыздын кызы
Маңдайдан жаңган жылдызды кызым
Журтуңдан барган бакыт тап кызым
Элиңдин болгуң нур кызы кызым

Турмуштун татып насибин тузун
Өмүрүң болсун дайрадай узун
Кайныңа эмес калкыңа жагып
Сыймыгы болгун элиңдин кызы

Балалык менен коштоштуң бүгүн
Ачылган гүлгө окшоштуң бүгүн
Башыңа бакыт түбөлүк консун
Таалайдын жолун бек тутуп жүргүн

Кош өрүм чачың өрүлүп кызым
Ырыскың толсун төгүлүп кызым
Элиңе кылган урматың сыйың
Пейлиңден турсун көрүнүп кызым

Өрүктөй болуп мөмөлөп кызым
Уул кыз тапкын бөбөлөп кызым
Коломтоо тууң өчүрбөй сактап
Үйүңдүн кутун көкөлөт кызым

Майрамдай болсун маанайың кызым
Толтура болсун таалайым кызым
Ата-энең сага бак таалай каалап
Амандык тилейт ар дайым кызым

Кундуздай чачың өрүлгөн кызым
Жүзүңдөн күлкүң төгүлгөн кызым
Жериңдин барган байытып кызым
Армансыз өткүн өмүрдөн кызым
Таалайлуу болгун алтыным кызым



Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *